2025-жылы жабык жайлардагы кыйноо боюнча бир гана иш козголгон
Кыргызстанда 2025-жылы жабык жайлардагы кыйноолорго байланыштуу 43 арыз түшүп, Ысык-Көл облусунда болгон окуя боюнча гана арыз-доомат аныкталып, бир кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 15-январда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө ылайык, калган арыздар териштирүү учурунда аныкталган эмес жана ушундан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
Үмүткан Коңкубаева арыз берген адамдарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып...