Акыйкатчы чет элдиктер кармалуучу жайга кире албай жатышканына тынчсызданууда
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева анын кызматкерлери Бишкектин четиндеги чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кармалып туруучу жабык жайга эки ирет киргизилбей, тоскоолдук жаралганына тынчсыздануусун билдирди. Акыйкатчы муну “КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамын түздөн-түз бузуу катары баалай турганын белгиледи.
Ал мамлекеттик органдарды “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарын аткарууга жана институттун кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук түзбөөгө чакырууда.