Баткенде зомбулукка байланыштуу 63 эркекке коргоо ордери берилген
Баткен облусунун аймагында 2025-жылы 860 үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 769 иш милициянын каттоосуна алынган. Бул 2024-жылкы көрсөткүчтөн 264 учурга көп. Былтыр зомбулукка кабылганы айтылган эркектерге 63 коргоо ордери берилген.
Маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Равшан Мансуров "Азаттыкка" билдирди:
"Көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук ажырашуу жана алимент талаштан, бала талашуудан чыгып жатат. Акыркы жылдары алдын алуу чаралары күчөтүлүп...