Парламентте мектеп жана электр энергия көйгөйү көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жалпы отурумунун ар кайсы маселелер саатында негизинен аймактардагы мектептердин жетишсиздиги, имараттарынын эскилиги, үч нөөмөт менен окууга аргасыз болуп жаткан балдар жана башка маселелер арбын көтөрүлдү.
Депутат Элдар Сулайманов Араван районундагы Мадамин Назаров атындагы мектептин окуучулары ФАПта жана мечитте окуп жатышканын, коңшу айылдардагы мектептер 4 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирди.
Бишкектин Свердлов районундагы жаңы конуштарда да мектеп жетишсиз...