Түштүк Кореянын экс-президентин өлүм жазасына тартуу суралды
Түштүк Кореянын экс-президенти Юн Сок Ёлду өлүм жазасына тартууну шейшембиде өткөн сотто атайын прокурор сурады. Ал 2024-жылы декабрда өлкөдө аскердик абал киргизгени үчүн козголоң уюштурууга айыпталууда.
Түштүк Кореянын мыйзамына ылайык, бул оор кылмыш болуп саналат, бирок өлкөдө мындай кылмышка айыпталгандар ондогон жылдардан бери өлүм жазасына тартылбаганын Reuters жазды.
Сеулдун Борбордук райондук сотундагы акыркы жарыш сөздө прокурор тергөөдө Юн мурдагы коргоо министри Ким Ён Хён менен чогуу иштеп чыккан схема аныкталганын билдирди.