Жеке ишкерлер автоунаа алып сатуудан түшкөн киреше салыгынан үч жылга бошотулду
Жаңы жылдан тарта "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, экономиканын айрым тармактарында жана жеке адамдар үчүн салыктык жеңилдиктер иштей баштайт.
Мамлекеттик салык кызматы түшүндүрмө бергендей, тигүү жана текстил өнөр жайлары үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү.
"1-январдан тартып бул тармактагы ишкерлер бир кызматкер...