ТИМ АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза талаптары талкууланганын билдирди
12-январь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Анда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда ошондой эле АКШнын Кыргызстандын жарандарына B-1/B-2 категориядагы визаларды берүүдө киргизген кошумча талаптарына байланыштуу маселелерге көңүл бурулду.