Түркияга ишке жайгаштыруу менен алектенген төрт агенттиктин иши токтотулду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору 12-январь күнү төрт агенттиктин уруксат кагазын убактылуу токтотту. Алар кыргызстандык жарандарды Түркияга ишке жайгаштыруу менен алектенип келген.
Аталган борбордун маалыматына караганда, бул агенттиктер мамлекеттик органдарга туура эмес маалыматтарды беришкени атайын рейд учурунда аныкталган.
Документтерде Түркияда жарандарды ишке кабыл алуучу уюмдар - иш берүүчүлөр же ишке орноштуруучулар...