Өкмөт мамлекеттик сыйлыктарды кыскартууну сунуштады
Кыргызстандын Министрлер кабинети "Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун сунуштоодо. Ага ылайык, бир катар мамлекеттик сыйлыктар жана сый акылар кыскартылат, айрымдары өкмөттүн карамагына берилет.
Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Кубан Казаков 13-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында билдирди.
Сунуштарга ылайык, жогорку мамлекеттик сыйлыктар кыскартылат...