ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматы маалымдагандай, 13-январь күнү саат 15:00-18:00 аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болот. Шамал чыгыштан согот.
ӨКМ жарандарды электр чубалгыларынан, жарнамалык калкандардан, бак-дарактардан алыс болууну эскертти. Кандайдыр бир кырсыкка кабылгандар тууралуу 112 кызматына токтоосуз билдирүү керек.
Былтыр май айында Бишкекте катуу шамалдан бактар кулап, бутактар сынган.