Аялы зомбулукка айыптаган экс-депутат Бердиев эки айга камалды
Алдамчылык фактысына жана зомбулукка байланыштуу кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев эки айга камалды. Биринчи май райондук соту 12-январындагы токтому менен Бердиевдин бөгөт чарасын карап, аны 11-мартка чейин камакка алууну чечти.
60 жаштагы Бердиев кармалганын 11-январда Ички иштер министрлиги маалымдаган. Мекеме тараткан билдирүүдө 2022-жылы ал алдоо жолу менен акча алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталганы жазылган. Андан тышкары мекеме мурдагы депутаттын аялынан да...