"Алтын глобус": Шаламе мыкты актер, "Хамнет" мыкты тасма деп табылды
Лос-Анжелесте 83-жолу кино жана теледеги абройлуу "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул жолу режиссер Хлои Чжаонун "Хамнет" тасмасы мыкты драма категориясында жеңишке жетти. Фильмдин сюжети жазуучу Мэгги О’Фарреллдин ушундай эле аталыштагы романына негизделген. Анда Уильям Шекспирдин 11 жашында каза болгон уулу Хемнеттин жашоосу баяндалат. Тасмадагы башкы ролдорду Пол Мескал жана ирландиялык актриса Жесси Бакли аткарат. Жесси Бакли Агнес Шекспирдин ролу үчүн «Драмалык фильмдеги эң мыкты...