Трамп Ирандын жетекчилери сүйлөшүүнү каалап жатканын айтты
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилиги Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн чалганын билдирди.
"Ирандын лидерлери чалышты", — деди Трамп 11-январда Air Force One учагынын бортунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
"Жолугушуу уюштурулуп жатат. Алар сүйлөшүүлөрдү каалап жатышат",- деп кошумчалады.
Ошол эле учурда, "жолугушууга чейин эле биз аракет көрүшүбүз мүмкүн", — деди. Бирок эмнени айткысы келгенин чечмелеген жок.
Трамптын бул сөздөрүнө Тегеран да дароо комментарий бербеди.