Өзбекстанда мугалим "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген кине менен 12 күнгө камалды
Өзбекстандын Самарканд облусунда 21 жаштагы тарых мугалими Телеграмдагы каналдардын биринде Мухаммед пайгамбардын ар-намысына акаарат келтирген билдирүү калтырганы үчүн 12 суткалык административдик камак жазасына тартылды. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды.
Тергөө материалдарына ылайык, комментарий 30-декабрда жарыяланган.
7-январда социалдык тармактарда бул билдирүүнүн авторун жоопкерчиликке тартууга чакырган билдирүүлөр тарай баштаган.
9-январда милиция кызматкерлери мугалимдин телефонун текшерип...