БШК Жалал-Абадда шайлоону чагылдырууга 16 медианы каттады
Жалал-Абад облусундагы №13 аймактык шайлоо округунда өтө турган шайлоону чагылдырууга 16 жалпыга маалымдоочу каражат расмий катталды. Бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-январдагы отурумунда кабыл алды.
БШКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, анын ичинде 9 телеканал, 3 радио, 3 интернет агенттиги жана 1 басылма (гезит) бар.
БШКнын сайтына талапкерлерге берилүүчү эфир убактысы, ЖМКларга жарыялануучу үгүт материалдарынын көлөмү жана башка укук-милдеттер тууралуу кошумча мааалымат жарыяланат.