Чүйдүн 45 жаштагы тургуну энесине кол салууга шектелип кармалды
Жайыл районунун Полтавка айлынын 45 жаштагы тургуну энесин өлтүрүүгө аракеттенген деген шек менен кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Ага ылайык, милицияга шектүүнүн бир тууганы кайрылып, ал 29-декабрь күнү 75 жаштагы энесин уктап жаткан кезинде жаздык менен муунтууга аракет кылганын, ал каршылык көрсөткөн кезде сабаганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси "Уруп-сабап кыйноо" менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган.