АКШ армиясы "Ислам мамлекетинин" Сириядагы объекттерине сокку урду
АКШ өнөктөштөрү менен бирге өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун Сириядагы объектилерине сокку урду. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп ишембиде сокку урууга буйрук берген. Башкармачылыктын X социалдык тармагындагы билдирүүсүнө ылайык, чабуулдар "Бүркүт соккусу" операциясынын алкагында ишке ашкан.
Операция 13-декабрда Пальмира шаарында Сирия жана Американын кайгуулуна жасалган чабуулга жооп иретинде жүргүзүлгөн.