Былтыр Сауд Арабиясына 144 аргымак экспорттолду
Кыргызстан 2025-жылы Кытайга 23 тонна кургатылган өрүк, Сауд Арабиясына 144 жылкы экспорттоду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалыматында, Кытай менен жүн, кашемир, төө буурчак, тоок эти боюнча сегиз протокол, термикалык иштетилген эт жана тери боюнча үч протокол макулдашылган.
Мындан тышкары маалыматта шарап, өсүмдүк майы жана жашылча экспорттоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатканы жазылган.
Министрлик Европа Биримдигине бал экспорттоого уруксат алуу процесси уланып жатканын...