Токаев жакын арада Дональд Трамп менен жолугары кабарланды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жакын арада АКШ президенти Дональд Трамп менен кайрадан жолугарын билдирди. Бул тууралуу ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде АКШнын жаңы элчиси Жули Стаффт айтканын казакстандык медиа каражаттары маалымдашты.
Элчи АКШ менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык көп багытта - маданияттан тарта соода-экономикалык байланыштарга чейин өнүгүп жатканын эске салган.
"Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Дональд Трамп өтө тыгыз мамиледе болуп, бат-бат байланышып турушат.