Манас таануучу Раиса Кыдырбаева дүйнөдөн өттү
Белгилүү манас таануучу Раиса Кыдырбаева 96 жашында курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту билдирди.
Раиса Кыдырбаева 1930-жылы туулган. 1952-жылы ал КМУнун филология факультетин (орус бөлүмүн), 1956-жылы Москвадагы Горький атындагы дүйнө адабият институтунун аспирантурасын бүтүргөн.
Ал эмгек жолун 1956-1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде кенже илимий кызматкерлигинен баштаган.
1960-1986-жылга чейин улук илимий кызматкер, 1986-жылдан...