Экс-депутаттын аялы зомбулукка байланыштуу УКМК башчысына кайрылды
Өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин жубайымын деп тааныштырган Батма Ормонова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал жолдошунан зомбулук көрүп келгенин айтып видео кайрылуу жасады.
Анда беш баланын энеси, 60 жаштан ашкан аял өзүнүн жана балдарынын коопсуздугу коркунучта экенин белгиледи:
“Кайсыл күнү кирип келип мени чаап кетет деп коркунучта жашап жатам. Азыр көчөдө калуу коркунучунда турам. Анткени үйдөн чык, акың жок, бул эжемдин үйү деп кубалап жатат.