Укук коргоочулар Ирандагы демонстранттарга каршы "үрөй учурган аракеттер" тууралуу айтууда
Иранда соңку үч жылдан берки эң ири нааразылык акциялары уланып жатканына 10-январда эки апта болду. Бийликке каршы митингдерде алгач экономикалык каатчылыкка байланыштуу талаптар коюлса, азыр саясий ураандар айтылууда.
Өкмөт акцияга чыккандарга каршы күч колдонуп, интернет байланышын өчүрүүдө.
Демонстранттар борбор калаа Тегерандан башка да ири шаарларда көчөгө чыгууда, айрым ооруканаларда жараат алгандардын көптүгүнөн орун жетишпей жатканы маалымдалууда.
Би-Би-Си жазгандай, жараат алгандардын көбүнүн башына, көзүнө ок тийген.