"Бай-кедей деп тандабайт". Кургак учук качан жеңилет?
Бул суроолорго медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллат Кадыров жооп бермекчи.
- Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстан 2030-жылга чейин кургак учукту азайтууга белсенип жатыптыр. Бирок, ошого карабай, дарт катталууда. Жакында эле Бишкектеги мектептердин биринде иштеген мугалимден чыкты деген кабар тарады.
- Кургак учук (туберкулез) эч кимди ылгабайт, эч кимди аябайт дагы. Байбы же кедейби, баарына жугат. Айрыкча ачык түрү кооптуу. Адам сүйлөгөндө же чүчкүрүп...