Жалал-Абадда жоокердин өлүмүнө шектүү жаран эки айга камалды
Аскер бөлүктөгү жоокердин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү катары кармалган М.М. аттуу аскер эки айга, 5-мартка чейин убактылуу кармоо жайына камалды. Анын бөгөт чарасын Манас шаардык соту карап, ушундай чечим чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы “Азаттыкка” ырастады.
Буга чейин Аскер прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүнө кол салууга жеткирүү") менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кармалып...