Ош: Айланма жол салуу үчүн жанындагы курулуштар алынууда
Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, бул долбоор айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда.
Мэрия аталган кесилиште жол кырсыктары көп катталып келгендигин белгилөөдө.
Учурда тиешелүү мекемелер жол жээгиндеги курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу иштерин жүргүзүп жатат.
Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп...