"Баш сөөгү сынып, кан тамыры жарылган". Өзгөндө кыйноого шектелген үч милиционер кармалды
Баш сөөгү сынган, кан тамыры жарылып, көздөрү жабыркаганОш облусунда милиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылганы айтылган жаран оор абалда ооруканада жатат. 9-январда "Азаттыкка" бейтап дарыланып жаткан Куршаб жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Эрмамат уулу Бекмамат жабыркаган жаран бул ооруканага 4-январда эс-учун таптакыр жоготкон, оор, кома абалда түшкөнүн ырастады.
"Дароо реанимацияга алынган. Оштон санавиация менен облустук ооруканадан нейрохирург чакыртып, операция жасатканбыз.