ЕБ лидерлери Дамаскка барып, Сирияны калыбына келтирүүгө 722 млн доллар убада кылышты
Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлдөрү 9-январда Сирияга алгачкы ирет расмий сапар менен барып, өлкөнүн убактылуу президенти Ахмад аш-Шараа менен жолугушту.
Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Сирияны дээрлик 14 жылга созулган жарандык согуштан кийин калыбына келтирүү аракеттерин колдорун билдиришти.
Аш-Шараа эл аралык деңгээлде активдүү дипломатиялык аракеттерди жүргүзүп, мурдагы мамлекет башчы Башар Асаддын тушунда Сириядан алыстап кеткен...