Орусияда жугуштуу оорусу бар мигранттарды депортация кылуу сунушталды
Орусияда медициналык кароодон баш тарткан чет элдик жарандарды соттун чечими менен депортация кылып, айып пул салуу сунушу киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин Max мессенжерине жазды. Ал мигранттарга башкаларга коркунуч келтирген оорусу жок экенин тастыктаган документтерди жасап бергендерге жазаны күчөтүү да каралып жатканын билдирди.
Андан тышкары Орусияга үч айдан ашык мөөнөткө барган чет элдик жарандар үчүн милдеттүү медициналык кароодон өтүү мөөнөтүн...