Nestlé балдар тамак-ашынын айрым партияларын артка кайтарып алууда
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Nestlé компаниясы Кыргызстанда балдар тамак-ашынын айрым партияларын артка кайтарып алып жатканын кабарлады. Бул тууралуу министрликке өлкөдө Nestlé ишканасынын продукциясын тараткан Forester жоопкерчилиги чектелген коому билдирген.
Буга чийки зат компоненттеринин биринде цереулид токсини болушу мүмкүн деген кооптонуу негиз болгон. Ушундан улам Forester Кыргызстандагы соода...