АКШ эл аралык 66 уюмдан чыгарын жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп 7-январда эл аралык 66 уюмдан, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун 31 түзүмүнөн чыгуу тууралуу жарлыкка кол койду.
Ак үйдүн сайтында жарыяланган жарлыкта ал уюмдардын ишине катышуу АКШнын кызыкчылыктарына каршы келери жазылган.
Мындай чечим былтыр февралда кол коюлган жарлыктын негизинде мамлекеттик катчы жана кабинет менен кеңешүүдөн кийин кабыл алынган. Трамптын жарлыгына киргендердин арасында климаттын өзгөрүшүнө, гибриддик коркунучтарга каршы күрөш, демократия...