Сот Кудрет Тайчабаровду камакта калтырды
Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтүн узартып, 8-февралга чейин тергөө изоляторунда калтырды. Мындай чечимди райондук сот 2025-жылдын 30-декабрында чыгарганын адвокаты Памир Суранбаев билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган.