Шаардык милиция чет өлкөлүктөр жанында документтерин алып жүрүшү керектигин эскертти
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандар тек-жайын тастыктаган документтердин түп нускасын жанына алып жүрүүгө милдеттүү экенин эскертти. Мекеме борбордо “Нелегал” рейддик иш-чара жүрүп жатканын, анын алкагында 35тен ашык чет өлкөлүк жаран текшерүү жана мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн шаардык милицияга жеткирилгенин кабарлады.
Чет элдиктерде паспорт (же тек-жайын тастыктаган башка документ), Кыргызстанда иштөөгө же окууга жарактуу визасы (визалык режим колдонулган учурда)...