Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналып 33 жаштагы адам кармалды
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Ысык-Ата районунда 33 жаштагы адам (А.Э.) үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналып кармалганын билдирди. Облустук милициянын маалыматында 7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 31 жаштагы келин (А.З.) кайрылып, Ивановка айылындагы үйүндө үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда жолдошу аны сабаганын айтып, чара көрүүнү суранып арыз жазган.
Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында келиндин оң тарабындагы бир кабыргасы сынганы...