Кыргызстанга Орусиядан ташылып келаткан 44,2 тонна картөшкө артка кайтарылды
Кыргызстанга Орусиядан ташылып келаткан ондогон тонна картөшкө артка кайтарылганын 7-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» Орусияга таандык 44,2 тонна картөшкөнү Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
"Бажы бирлигинин комиссиясынын...