ТИМ Иранда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлады
Соңку күндөрү бир катар шаарларында нааразылык акциялары катталып жаткан Иранда бул окуялардан жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу 6-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрлик кыргызстандык жарандарга Иранга шашылыш жана аргасыз жумуштары болбосо азырынча барбай кое турганы туура болорун билдирди.
Ал эми Ирандын аймагында жүргөндөргө этият, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын талаптарын...