АКШ Израил менен Сирия алакасын бекемдөө жолдору талкууланганын маалымдады
Израил менен Сирия соода-сатык, коопсуздук жана атайын кызматтардын ишин биргелешип координациялоо үчүн байланыш түзүүнү макулдашканын 7-январда АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Израилдин жана Сириянын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу Франциянын борбору Парижде өттү, ага америкалыктар ортомчулук кылды. Натыйжада эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюуга өбөлгө боло турган платформа түзүү макулдашылды.
Азырынча Израил да, Сирия да бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.