Январда айрым күндөрү аба 15-16 градуска чейин жылышы мүмкүн
Январь айында Кыргызстандын айрым аймактарында күндүз абанын температурасы 15-16 градуска чейин жогорулашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорологиялык кызматынын Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, тоо этектеринде -2…-4° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде...