АКШ Венесуэладан Орусия, Кытай, Куба, Ирандын кеңешчилерин өлкөдөн кетирүүнү талап кылды
Вашингтон Венесуэланын бийлигинен Орусия, Кытай, Куба жана Ирандын кеңешчилерин иштен бошотуп, өлкөдөн кетирүүнү талап кылууда. Бул тууралуу шейшембиде америкалык конгрессмендер менен жолугушууда мамлекеттик катчы Марко Рубио билдиргенин New York Times басылмасы кабарлады.
Рубио АКШ Венесуэланын жаңы жетекчисине бир нече талаптарды койгонун, анын арасында аталган төрт өлкөнүн кеңешчилик жана башка ролдорду аткарган аскердик, чалгындоо мекемелеринин өкүлдөрүн өлкөдөн чыгаруу да бар экенин, жаңы президент...