Алматыдагы Республика аянтына чогулгандар Январь окуяларынын курмандыктарын эскеришти
5-январда Алматы шаарынын борборундагы Республика аянтына отузга жакын адам чогулуп, 2022-жылы Январь окуяларында курман болгондорду эскерип, маркумдарга багыштап куран окушту.
Аянттын айланасында карапайым кийимчен адамдар сырттан байкоо салып турушту. Куран окулуп жатканда аянтта уюлдук интернет байланышы өчүп калган. Журналисттер аянттын бир бурчунда байланыш жабдуулары бар атайын унаалар турганын байкашкан.
2022-жылдын башында Казакстандын батыш аймагында суюлтулган газдын баасынын өсүшүнө каршы...