Куба АКШнын Венесуэладагы операциясында 32 жараны өлгөнүн билдирди
Кубанын өкмөтү АКШнын Венесуэладагы операциясы маалында 32 жараны өлгөнүн маалымдады.
Гаванада буга байланыштуу эки күндүк аза күтүү жарыяланды.
Билдирүүдө каза тапкандардын баары Кубанын Куралдуу күчтөрү менен чалгын кызматтарында иштегендер экени жазылган. Башка маалымат айтылган эмес.
"Биздин мекендештер коопсуздук жана коргонууда эрдик менен милдетин так аткарышты", –деп жазылган анда.
Рейтер агенттиги белгилегендей, Куба Венесуэланын президенти Николас Мадуронун коопсуздугун камсыздоого катышкан.