Трамп Венесуэла бийлигин "кызматташууга" чакырып, болбосо "кымбат кун" төлөрүн эскертти
Дүйшөмбүдө АКШ жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө кармалган Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес Нью-Йорктогу федералдык соттун алдына биринчи жолу алып келинет.
Буга чейин федералдык соттун судьясы айыптоо корутундусун жарыялаган. Анда Мадурого, анын жубайына жана дагы төрт адамга төрт берене боюнча айып тагылган. Айыптардын арасында "маңзат террорчулугу" жана кокаинди импорттоону уюштурууга багытталган кутум да бар.
Жекшембиде АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге Венесуэла АКШ менен кызматташпаса...