Кыргызстанда былтыр 18 миң тоннадай өсүмдүк майы өндүрүлдү
Былтыр Кыргызстанда өсүмдүктөрдөн май алуучу беш жаңы ишкана ачылды. Алардын экөө Нарында, калгандары Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Аталган министрликтин маалыматында 2025-жылдын 11 айында өлкөдө 18,5 миң тоннага жакын өсүмдүк майы өндүрүлгөн.
"Кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүү импортту кыскартууга жана ички өндүрүштүн мындан ары өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Министрлик май өсүмдүктөрүнүн...