Иран: Хаменеи нааразылыкка чыккандарга катаал чара көрүүгө чакырды
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 28-декабрдан бери уланып келе жаткан жапырт нааразылыктар боюнча алгачкы жолу пикирин билдирип, “башаламандыктардын катышуучуларына” каршы катаал чаралар көрүлүшү керектигин айтты.
Ишемби күнү телеканал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Хаменеи башка өкмөт мүчөлөрү сыяктуу эле, улуттук акча реалдын наркынын түшүшүнө жана баалардын тез өсүшүнө дүкөн ээлери нааразылык билдирип чыгышканын экономикалык кыйынчылыктан улам негиздүү деп атады. Бирок, аятолла нааразылыкты...