АКШнын башкы прокурору Николас Мадурого коюлган айыптарды атады
АКШ бийлиги Венесуэланын авторитардык башчысын кармап кетип, наркотерроризм, мыйзамсыз курал сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып такканын расмий билдирди.
Николас Мадурого жана анын жубайы Силия Флореске АКШда Нью-Йорктун Түштүк районунда айып тагылганын 3-январда АКШнын башкы прокурору Памела Бонди жарыялады:
"Николас Мадуро Америка Кошмо Штаттарына каршы максатта баңгизат терроризми, кокаин импорту, курал жана жардыргыч зат сактоо боюнча кутум уюштурган деп айыпталууда. Алар жакында америкалык...