Жогорку Кеңештин экс-депутаты Марат Аманкулов көз жумганы кабарланды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Марат Аманкулов көз жумганы кабарланды. Бул тууралуу анын партиялашы Чынасыл Чыныбаев 2-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Аманкуловдун сөөгү 2-январда жерге берилет.
55 жаштагы Марат Аманкулов мурда ишкер болуп жүргөн. 2012-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келип, төрагалыкты да аркалаган. Ушул эле партиядан 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган.