Муфтият ар бир облус, райондо борбордук диний окуу жай ачыларын билдирди
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ар бир облуста борбордук жогорку диний окуу жай түзүлөрүн, бул мекемелер ошол аймактагы медреселер үчүн окуу-методикалык жана координациялык борбор катары кызмат кыларын билдирди. Мындай чечим муфтияттын 31-декабрдагы жыйынында белгилүү болду.
Чукул жыйын президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда диний окуу жайларды бирдиктүү стандарттарга киргизүү жана аларды борборлоштуруу боюнча берген тапшырмаларын аткарууга байланыштуу өткөн.
Мындан тышкары ар бир райондо борбордук орто диний окуу жай ачылып...