Чүйдө 15 жаштагы баланы сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-январда Ысык-Ата районунда 15 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалганын билдирди. Бул тууралуу 1-январга караган түнү Ысык-Ата райондук милициясына маалымат түшүп, Бишкек-Торугарт унаа жолунда велосипед менен бараткан баланы жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендиги айтылган.
Териштирүү учурунда кырсыкка кабылган 15 жаштагы бала ошол жерде каза болгону, ал Дмитриевка айылынан Кантка жол бою менен велосипедчен баратканда...