Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жер алдындагы өтмөктөрдү куруу иштери башталды
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жер алдындагы жөө адамдар өтмөктөрүн жана аялдамаларды куруу иштери 1-январда расмий башталды. Иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев катышты. Бул тууралуу маалымат мэриянын сайтына жарыяланды.
Долбоордун алкагында Семетей көчөсүнөн Абсамат Масалиев проспектисине чейинки аралыкта төрт жер алдындагы жөө өтмөк куруу пландалууда.
Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки тилкеде заманбап талаптарга жооп берген 16 жаңы автобус токтоочу комплекс орнотулары кабарланды.