Швейцарияда чаңгы курортундагы жарылууда каза тапкандар 40ка жетти
Жаңы жыл түнү Швейцариянын Кран-Монтана курортундагы эл жык толгон барда болгон жарылуудан 40ка жакын адам каза болуп, 100гө жакыны жаракат алды. Бул тууралуу Швейцария бийлиги 1-январда билдирди. Жаракат алгандардын көбүнүн абалы оор.
Өлкөнүн түштүк-батышындагы курортто жайгашкан Le Constellation аттуу барда өрт түнкү саат 1:30да тутанган. Жарылуунун так себеби азырынча белгисиз, бирок бийлик өкүлдөрү бул окуя кырсык катары каралып жатканын, кол салуу ыктымалдыгы четке кагылганын билдирди.
"Азыркы...