Болгария 1-январдан тартып еврозонага кошулду
Болгария 2026-жылдын 1-январынан тартып Европанын бирдиктүү валюта мейкиндигине – еврозонага кошулду. Бүгүндөн баштап Болгарияда улуттук валютанын ордуна евро иштетиле баштайт.
Муну менен Болгария евромейкиндикке кирген 21-мүчө өлкө болуп калды. Өлкө ага тиешелүү шарттарды аткарып, анын ичинде инфляцияны көзөмөлдөө менен кошула алды.
Болгария Европа биримдигине 2007-жылы кирген, бирок евромейкиндикке 18 жылдан кийин гана кирүүгө мүмкүн болду.
Болгарияда евронун киргизилишине нааразы пикирлер айтылган.